У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик ооруканалардын башкы дарыгерлеринин иши текшерилет


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев иштебеген башкы дарыгерлерди кызматтан кетирүү жана ооруканалардагы коррупцияны токтотуу ниетинде мамлекеттик ооруканалардагы башкы дарыгерлердин ишин текшере баштайт. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.
 
Анын айтканына караганда, кээ бир директорлор мамлекеттик мекемелерди жеке менчик клиникаларга айлантып алышкан.
 
"Мен Кардиологиянын директордун кызматтан бошотуп жатам, ал иштеген жок. Воронцовкадагы оорукананы текшерем, андан кийин Жумабековдун (Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы-редакция) жана Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун ишин текшерем. Мейли ал баатыр болсун, мейли ал академик болсун, мен үчүн эч кандай кадыр-барк жок “,-  деп билдирген Саламаттыкты сактоо министри.
 
Ал мыйзам бузуулар болгон учурда материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилерин кошумчалады.
 
Ал текшерүүлөрдүн негизги максаты - коррупцияны токтотуу жана дени сак атаандаштыкты түзүү экенин баса белгиледи. 
 
«Ооругандар биздин кардиологияга жана кардиохирургияга эмес, жеке кардиологиялык борборлорго кайрылышат. Мен атаандаштыкты жараткым келет жана пландарымды ишке ашырууга убакыт керек. Баары билет, мен эч кимди укпайм, жөндөмсүздөрдү дайындабайм. Эми мыйзам боюнча башкы дарыгерлерди акимдер дайындайт, эгер алар жөндөмсүздөрдү дайындаса, мен аларды алып салуунун жолун табам», - деп жыйынтыктады Алымкадыр Бейшеналиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter