У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атанын сөзү… арманы… күйүтү… Кубан Ажымүдүновдун атасы президентке кайрылды

 
«Акнет» компаниясынын негиздөөчүсү Кубан Ажимудинов президент Садыр Жапаровго ачык кат жазган. Бул тууралуу бүгүн 24.kg маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында анын адвокаты Абас Мамбетакунов билдирди.
 
Анын айтымында, Кубан Ажимудинов 2,5 жылдан бери эч күнөөсүз эле камакта отурат. Анын ичинен 3,5 айдан бери УКМКнын тергөө абагында жатат. Бирок, Акнеттин негиздөөчүсү өзү эмне себептен камакта жатканына өзү да түшүнбөй келет.
 
«Учурда абакта жаткан Кубан Ажимудиновдун ден соолугу начар, абалы оор. Азыр ал дарыланууга өтө муктаж. Биз соттон Кубан Ажимудиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны күрөө менен үй камагына чыгарууну, жок дегенде дарыланууга шарт түзүп берүүсүн өтүндүк. Сот биздин өтүнүчтү канааттандырган жок. Буга эмне себеп болуп жатканын да билген жокпуз. Чынында ал күнөөсүз эле камалып отурат»,-деди жактоочу. 
 
Ал эми маалымат жыйынга келген Кубан Ажимудиновдун 87 жаштагы атасы Токон Ажимудинов уулунун ак жерден камакта отурганын, анын ден соолугу начар экенин, уулу түптөгөн компанияны мурдагы бийликтегилер басып алганын айтты. 
 
«Мен уулумду көчөдө басып жүргөн бир кокуй болбой, иштин көзүн билген адис бол, кыргыз элине эмгек кылган, элдин жүгүн көтөрө билген адам бол деп тарбиялагам. Уулум, Новосибирск университетинен окуп келип, «Акнет» компаниясын түзүп, аны бутуна тургузуп, байтып койду эле. Өз акылы, эмгеги менен Кыргызстанда интернетке жол салган уулумду азыр камап коюшуп, чыгарбай жатышат. Азыр уулумдун абалы оор, дарыланууга шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Уулумдун иши боюнча ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго, иниси Асылбек Жээнбековго кирүү аракет кылдым, алар мени кабыл алышкан жок. Компанияны басып алууга Асылбек Жээнбековдун түздөн түз тиешеси бар. Себеби Алмамбет Салиев Жээнбековдордун эӊ жакын адамы болгон. 
 
Октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаров бийликке келгенде, эми акыйкаттык орнойт, калыстык менен иши каралат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, азыркы бийлик да бизди уккан жок. Президент Садыр Жапаровго кайрылып, жолугууга аракет кылдым, майнап чыккан жок, кабыл албады.  Мен көчөдө жөн эле басып жүргөн киши эмесмин, мен Кыргыз агартуусуна эмгек сиӊирген кызматкермин, 66 жыл доскада туруп 10 миӊдеген физика -математика мугалимдерин, инженерлерди окутуп чыгарган кишимин»,-деди ал. 
 
Эске салсак, «Акнет» компаниясы менен байланышкан чыр 2018-жылдан бери уланып, сот иштери бүтө элек. «Ири суммадагы салыкты жашыруу» беренеси менен «Акнеттин» мурдагы кожоюну Кубан Ажимудиновго кылмыш иши козголуп, абакта жатат.
]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter