№ 31 түзөтүү абагынын башчысы пара менен кармалды
- 08.10.2021, 16:19,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Пара алуу фактысы менен №31 түзөтүү абагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, абактын башчысы А.Т.О. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, камактагы жаранды жатак абакка которуу же мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн акча талап кылган. Ал 7-октябрда акча алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынды.