У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Улуттар Биримдиги" партиясы менен "Мекендештер" кыймылы бирикти


 Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы Дмитрий Федоров башында турган “Мекендештер” кыймылы менен бириккенин жарыялады. Бул тууралуу партиянын социалдык тармактардагы баракчасында маалымдалды.
 
Алардын парламенттик шайлоого биргелешип катышууга ниеттенип жатканы белгиленген.
 
«Мелис Мырзакматов төрагалык кылган “Улуттар биримдиги” элдик партиясы жана Дмитрий Федоров башында турган "Мекендештер" кыймылы шайлоого бирге бара турганын жарыялашты. Кыргызстандын коомдук жана саясий жашоосуна, ошондой эле алдыдагы ЖКга шайлоого биргелешип катышуу үчүн өздөрүнүн күч-аракетин бириктиргенин "Улуттар Биримдиги" партиясынан маалымдады.
 
“Улуттар биримдиги” партиясы жана "Мекендештер" кыймылынын мүчөлөрү биргелешип иштөө жана эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууну көздөйт. Мындан тышкары, эки бирикме тең топтолгон потенциалды бийлик менен коомдун ортосундагы заманбап мамилелерди куруу үчүн пайдаланууга ниеттенип жатканын белгилешет»,-деп айтылат маалыматта. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter