У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара жаӊжалында жабыркаган ишкерлер 200 миӊ сомдон жеӊилдетилген насыя алышат


2021-жылдын 28-30-апрелинде чек ара жаңжалынан жабыркаган ишкерлер Кытайдан келген грантынан жеңилдетилген насыя алышат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында белгилүү болду.
 
Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Доолбеков өкмөт ишкерлерди колдоо боюнча токтомду бекиткенин айтты. Жалпысынан чек арадагы жаңжал учурунда 76 ишкер жабыркаган.
 
 
«Бул ишкерлерге 200 миң сом жеңилдетилген насыя берүү сунушталууда. Жалпысынан бул үчүн 15,2 миллион сом керектелет. Экономика министрлигинин жана Улуттук банктын алдындагы Борбордук казыналыктын эсебинде Кытайдан келген гранттык каражаттар бар. Биз Жогорку Кеңештен бул каражатты ишкерлерди колдоого жумшоого макулдук берүүсүн суранабыз», - деди Элдияр Доолбеков.
 
Маселени кароонун жыйынтыгында профилдик комитеттин депутаттары каражат бөлүүгө макулдук беришти.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter