У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эркиндикке чыкты. Президент Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым кылганы айтылды


 
Президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым кылды. Бул маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан тастыктады.
 
Мекеме Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу абактан чыгарылганын кошумчалады.

 2019 -жылдын декабрында Калиев жана Авазов Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылып, 15 жана 11 жылга эркинен ажыратылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter