У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жылытуу мезгилине даярдык маселеси республикалык штабдын жыйынында талкууланды


Министрлер кабинетинетинин Төрагасы Улукбек Марипов күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматын уккан соң, өкмөт башчы суук түшкүчө бардык көйгөйлүү маселелерди чечүүнү талап кылды.
 
«Билим берүү, медицина, маданият жана башка социалдык мекемелердин жылытуу тутумдарын оңдоону каржылоо маселесине өзгөчө басым жасоо керек. Министрлер Кабинетинин маанилүү милдеттерини бири – калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо. Бүгүнкү күнү республика боюнча 600гө жакын көмүр сатуу пункттары иштөөдө. Каалаган адам жеткиликтүү баада көмүр сатып алуусу үчүн мындай кошумча пункттарды ачуу маселесин иштеп чыгуу зарыл. Көмүрдү өз убагында камдап алуу электр тармагына карата жүктөмдү төмөндөтүүгө жана орнотулган лимиттерди карманууга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Улукбек Марипов.
 
Ошондой эле ал мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин кышка карата даярдык үчүн жеке жоопкерчилигине басым жасады, алдыга коюлган милдеттер аткарылбаган учурда тийиштүү чаралар көрүлөт.
 
Министрлер кабинетинетинин төрагасы штабдын жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо жана Токтогул суу сактыгычындагы суунун топтолушу үчүн чаралардын топтомун аткаруу, Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү, энергетикалык объектилердеги учурдагы жана капиталдык оңдоолорду жыйынтыктоо, электр энергиясын импорттоону өз учурунда каржылоону камсыздоо маселесин иштеп чыгуу, Ош шаарындагы жылытуу станциясына өз учурунда мазут жеткирүү зарыл.
 
Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБди, социалдык жана бюджеттик мекемелерди жана калкты тийиштүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо зарыл. Ага катар калк арасында электр эенергиясын пайдалануу лимитин сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter