У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бийликти күч менен басып алууга шектелип Алмаз Сарыбаев кармалды


  АКБ «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Сарыбаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени такталды.
 
«Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүштү иликтөө учурунда мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары чакырылып, күбө катары суракка алынган. Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», -деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter