Жантөрө Сатыбалдиевдин абактан ооруканага которулганы айтылды
- 10.09.2021, 12:00,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан жети жыл, алты айга эркинен ажыратылган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулганы айтылууда.
Сатыбалдиевдин абактан ооруканага качан жана эмне себептен котрулганы белгисиз.
Эске салсак Сатыбалдиев №47 абакта жазасын өтөп жаткан. Ал өткөн жылы ноябрь айында жүрөгүнөн операция болуп, стенд койдурган.