Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар партиялык система боюнча гана добуш бере алышат
- 09.09.2021, 19:22,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар бир мандаттуу шайлоо округдан чыккан талапкерге добуш бере алышпай турганын 9-сентябрда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.
«Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар бир мандаттуу система боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого добуш берүүгө катыша алышпайт», -деди ал.
БШКнын маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдө 54 шайлоо тилкеси ачылат. Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өтөт.