Шайлоо учурунда үгүтчүлөрдүн санына чектөө киргизилди
- 09.09.2021, 18:49,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо бир округдагы үгүттөөчүлөрдүн санын 500 адамга чейин чектеди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.
Ал буга чейинки шайлоолордо миңге чейин үгүттөөчүлөр катталып келгенин, бул добуш сатып алууга кирге турганын, ошондуктан үгүтчүлөрдүн санына чектөө киргизилгенин айтты.