Шайлоо- 2021. Үгүт иштери качан башталары айтылды
- 01.09.2021, 10:19,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеӊешке депутаттарды шайлоодо үгүт иштери 27-октябрда баштала турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, партиялар жана бир мандаттуу талапкерлер үгүт өнөктүгүн 29-октябрда баштай турганы көрсөтүлгөн. Үгүт иши 27 -ноябрда саат 8: 00дө аяктайт.
8 -сентябрга чейин округдук комиссиялар депутаттыкка талапкерлерди ар бир шайлоо участогунун аймагында үгүт материалдарын иле турган жерлер менен камсыздашы керек.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28 -ноябрга белгиленген.