У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аскар Акаев 1 млрд. рубль турган пентхаусун Филипп Киркоровго сатканы айтылды


Орус эстрада ырчысы Филипп Киркоров Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге таандык батирге ээ болду. Бул тууралуу «Новый век» Telegram каналы билдирди.
 
Белгиленгендей, баасы 1 млрд. рубль турган пентхаусту ырчы өткөн жылы сатып алган.
 
Укуктарды мамлекеттик каттоо жана кыймылсыз мүлктү кадастрдык каттоодон алынган документ Telegram каналында болгон. Документке ылайык, 2020-жылдын декабрында Киркоров Акаевден «Филиппов» турак жай комплексиндеги эки кабаттуу пентхаус сатып алган. Объектинин базар баасы дээрлик 1 миллиард рублга жетет. Бирок Филипп Киркоров бул мүлк үчүн канча төлөгөнү белгисиз.
 
Пентхаус 537 чарчы метр аянтка ээ. Турак жай комплекси Москванын борборунда Гоголь бульварынын жанында жайгашкан. Имараттын ичи мрамор жана мозаика менен хан сарай стилинде жасалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter