У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


60 миллион сомдук автоунаалар акимдердин статусун көтөрөбү?..


Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы «Автотранспорт бирикмеси» транспорт компаниясы 60 миллион сомго 40 автоунаа сатып ала турганы айтылды. 
 
Бул автоунааларды сатып алуу материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын ичинде райондук администрация жетекчилеринин ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында ишке ашырылып жатканын, райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы 13-15 жылдан бери жаӊырбаганы, алар кайра-кайра оӊдоо иштерин талап кылып, республикалык бюджеттен көп чыгымды талап кылып жатканын белгилешти.
 
«Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды», - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
 
Акимдер иштебей эле 2021-жылы чыгарылган жаӊы жол тандабас автоунааларды айдап жүрсө эле статусу көтөрүлүп, калыӊ элге кадыры сиӊип кетеби же азыркы шартта статус кымбат баалуу жол тандабастар менен бааланып калганбы?..
 
Акимдердин статусун көтөрүүдөн, материалдык-техникалык базаны чыӊдоодон мурда алардын билим деӊгээлин көтөрүүнү жана иш-тажрыйбасын жогорулатуунун жолун карап чыгышса болмок. Аймактардын өнүгүүсү иш билги, жеп-ичпеген таза жетекчилерден көз каранды го. Уюштургуч жөндөмү жок, коррупционер жетекчилерге жаӊы жол тандабас ишти алга сүйрөп кетүүгө эч жардам бере албастыгын көп эле көрдүк.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter