У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖАМКтын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев кармалды


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Нуралиев коррупциялык схеманы түзгөн, башкача айтканда ал соттолгон адамдарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу, абактагы шартын жакшыртуу үчүн байма-бай акча алып турган. Андан тышкары ведомствонун орто звенодогу жетекчилеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин жашырып келген.
 
2-августта анын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 3500 доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана ок-дары табылган.
 
Таалайбек Нуралиев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter