Лейлекте Тажикстанга күйүүчү май өткөргөн жашыруун шланга табылды
- 02.08.2021, 19:15,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү күйүүчү май сордуруучу шлангды табышты. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Анын айтымында, шланг Интернационал айылында аткезчиликке каршы иш-чаралардын жүрүшүндө табылган.
Тиешелүү чаралар көрүлгөндөн кийин күйүүчү -майлоочу майларды сордуруучу табылган шланга жок кылынды.