У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Октябрь районунун акими алмашты


  Бишкекте Октябрь районунун акими алмашты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, мурунку жетекчи Данияр Арпачиев өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Мирлан Эшкожоев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.
 
Буга чейин Мирлан Эшкожоев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун статистика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
 
Бүгүн вице-мэр Русланбек Акылбеков жаңы жетекчини коллектив менен тааныштырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter