Абактагы Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады
- 27.07.2021, 10:53,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Камактагы Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын жардамчысы Эрлан Бекчоро уулу билдирди.
Маалым болгондой, кечээ айыпталуучуга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (Массалык баш аламандыктарды уюштуруу) боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилген. Каршылык иретинде Жеңиш Модокматов ачкачылык жарыялады. Ал күнөөсүн мойнуна албайт.
Жеңиш Молдокматов өткөн жылы 5-6-октябрь окуяларына байланыштуу кармалган жана камакка алынган.