У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Картаң кадрды каяктан таптыңыз Бакыт Наркулович?



Жоругуң жолдо калгыр

 Дегенибиз Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, кеңешчиси экөө кеңешиппи же башка мандем барбы ким билсин?  Айтор, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгына 67 жаштагы пенсиядагы Салыбаев Саламатты жетекчи кылып алып келгени жатыптыр. Сөзүбүз куру болбос үчүн, пенсионер Салыбаевдин ишиндеги “ийгиликтери” менен жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунуштама каты менен бөлүшө кетели. 
 
Алсак Саламат Абасканович 2013-2016-жылдары бул кызматты жетектеп турганда, Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы 225 орундуу мектепти 2014-жылы куруп баштаган, бирок 2015-жылы курулушу башталбай жатып, фундаментинен жарака кеткени төмөндөгү сүрөттөрдө көрүнүп турат. Мектеп бүгүнкү күндө дубалы көтөрүлүп, чатыры жабылып, бирок фундаментиндеги жаракадан улам курулушу токтоп турат. 
 
Андан тышкары Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылындагы Атай Огомбаев атындагы 375 орундуу мектебинин “А, В, Г” блоктору 2015-жылы колдонууга берилген. Бирок жыл айланбай полдордун чирүүсү, чапталган плиталардын түшүүсү, карниздин жараксыз абалга келүүсү аксакалдын ишинин натыйжасы. Анткени бул иштерди ошол кездеги Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Салыбаев Саламат текшерип, кабыл алган эмеспи? Мына ушундай ишиндеги шалаакылыктын айынан Салыбаев кызматынан кеткенин эч ким унута элек. Анан башка кадр түгөнүп калгансып, кайра эле Салыбаевди айга күнгө теңеп, сунуштама берип олтурган Бакыт Нарбековго не дейбиз? Кайнар айылындагы 225 орундуу фундаменти жарака кеткен мектепти азыркы ыйгарым укуктуу өкүл мектепти бүтүрөм деп, жогорудагы "аксакалды" кызматка алып келгени жатабы?  Президент Садыр Жапаровдун люстрация саясатына каршы чыгып жатканын кандай түшүнөбүз?



 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter