У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экстердин, эскилердин балдары депутат болушууда…


Шаардык кеңештерге депутат болушуп, айланып-тегеренишип эле баягылардын балдары келишти… Кыргызстан - экстердин, эскилердин эле бактысына бүткөнбү? Же бул ата-балдар Кудайдын эркелериби?

Сөздү созбой, кечээки эле Бишкек шаардык кеңешке кимдердин балдары депутат болушту деген маселеге токтололу. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Ага ылайык «Эмгек партиясынан»   Бишкек шаарынын алмашкыс депутаты Салымбеков Жумабек Мамытбаевич (Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбековдун баласы) кайрадан шайланды. 

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Бакыт Сыдыковдун баласы Үсөн Сыдыковдун небереси  Бактыбеков Алымбек Бактыбекович, экс-башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы  Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич кайра шайланып келишти. 

«Ынтымак» партиясынан Жогорку Кеңештин депутатынын кызы Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна, иниси  Сариев Таалайбек Жолдошбаевич кайрадан шайланышты. 

«Социал-демократы» партиясынан  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Атамбаев Кадырбек Алмазбекович келди.

Айтмакчы, Жалал-Абад шаардык кеңешине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бала Тай-Мурас Ташиев депутат болуп отурат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter