У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто добуш сатып алууга шектелген жаран кармалды


Кечээ, 8-июлда түнкү саат 23:30 чамасында Ош шаарында депутаттыкка талапкер болгон адамдын тууганы добуш сатып алууга шектелип кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгы ал шайлоого катышып жаткан талапкердин тууганы болорун, добуш берүүчүлөргө 1,5 миң сомдон таратып жүргөнүн маалымдады.
 
Кармалган жаран Ош шаарына караштуу айылдардын биринин 1991-жылы туулган тургуну К.Э. экени аныкталды. Күч органдары кылмышка шектүүлөр кайсы партиянын талапкерлери, өкүлдөрү экенин азырынча тактай элек.
 
Эске салсак, Ошто буга чейин эки талапкер добуш сатып алууга аракет кылган деген шек менен камалган. Алардын сырткары дагы үч жаран ушундай эле айып менен кармалган.
 
Учурда Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter