Бишкектин мурдагы вице-мэри мамлекетке 30 млн сом төлөдү
- 05.07.2021, 15:55,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мыйзамсыз баюу беренеси менен айыпталган Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри Уланбек Азыгалиев мамлекетке 30 миллион сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Расмий маалымат боюнча, У.Азыгалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 20 жылдай эмгектенген. Ал жакындарына жана аффилирленген адамдарга катталган, декларацияланбаган көп сандаган мүлктөргө ээлик кылганы белгилүү болгон.