У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК шайлоосу. Бишкектиктер "Эмгек" партиясынын программасын жактырышты

 
Бишкек шаардык кеңешине "Эмгек" партиясынан депутаттыкка аттанып жаткан талапкер Лира Акунова ар күнү шайлоочулар менен жолугушууда. Жолугушуулардын бирөө 5-кичи райондо өттү. 

Лира Акунова жолугушууга келгендерге "Эмгек" партиясынын калктын калың катмарынын кызыкчылыгын чагылдырган, буга чейин эле бишкектиктердин купулуна толгон "Демилгелүү шаар" программасы жөнүндө айтып берди. Анда борбор калаага байланышкан актуалдуу маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору камтылган.

"Акыркы жылдардагы курч маселелердин бири бул - ыш маселеси. Эгерде биз БШКга өтүп калсак, "Ышсыз Бишкек" программасын киргизебиз. Атмосфераны, сууну жана топуракты булгай турган нерселердин ыргытылышын азайтып, шамал жана күн энергетикасын, ошондой эле жашыл экономиканы өнүктүрөбүз.  Таштандыны сорттоо маданиятын киргизип, электр кыймылдаткычы менен жүргөн автоунааларды заряддоо үчүн газ куюучу жайлардын жана станциялардын санын көбөйтөбүз. Экологиялык сунуштамаларды бере турган урбанисттердин жана эл аралык эксперттердин катышуусундагы комиссия түзөбүз. Мэриянын алдындагы экологиялык эксперттердин кеңешин түзөбүз. Мунун баары таза аба үчүн күрөшүүгө жардам бериши керек", - деди Акунова. 

"Апам билим берүү тармагында эмгектенген. Атам болсо маданият министри, филармониянын директору болуп, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу атыккан. Атамдын жолун жолдоп, элибиз үчүн кызмат кылуу менин негизги максатым. Ошондуктан, шаардык кеңешке аттанып жатамын", - деп кошумчалады ал. 

БШКга кайталап шайлоо ушул жылдын 11-июлуна белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4чү номер менен катталган.

 
«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер баюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter