У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шаарды жарандык коом менен биргелешип башкарабыз!

Өнүгүү өзгөртөт!
"Өнүгүү-Прогресс" №15 Туура тандоо

Бишкек шаарынын мэриясынын структурасын эффективдүү, мобилдүү кылып оптимизация кылабыз. Мэриянын, райондук акимиаттардын кайталанма функцияларын кыскарат. Шаардыктар менен түз иштей турган системаны ишке ашырабыз. 

Биз шаарды жарандык коом менен биргелешип башкарабыз деп жатабыз.Тактап айтканда, мэрия менен түз кеңешип иштей турган: Дарыгерлер кеңеши; таксисттер жана маршруттук айдоочулар кеңеши; домкомдор кеңеши; студенттер кеңеши; маданият ишмерлеринин кеңеши; ишкерлер кеңеши, майыптар кеңеши сыяктуу  ар тармактын өкүлдөрүнөн турган кеӊештер түзүлөт. 

Мына ушул кеӊештер көтөргөн маселелерди, сунуш-талаптарды анализдеп, анан шаардык кеңештин кароосуна, талкуусуна коюп, көйгөйлөрдү жарандык коом менен бирге чечүүнүн аракетин көрөбүз. Мындай кадам шаардык кеңештин депутаттары менен мэрдин ич ара жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга болгон максаттарын көзөмөлдөгөнгө өбөлгө түзөт. Демек, ачык айкындуулук орнойт. 

Буйуртма: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Атчабарова Ж.К тарабынан төлөндү


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter