У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукканда айтты.

Мамлекет башчы ишкерлерге кылмыш иши козголгону жөнүндө маалыматтар көп келип жаткандыгына нааразы болду. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы арыздануулар жана ишкерлерди коргоо максатында жоюлгандыгын эске салды.

«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат”, - деди Жапаров.

Эске салсак, УКМКга караштуу антикоррупциялык кызмат Алмазбек Атамбаевдин учурунда түзүлгөню Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрдагы жарлыгы менен УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлган болчу. Бирок былтыр октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун бул жарлыгын жокко чыгарган. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter