У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Ата Мекен” фракциясында жаңы лидер...


 "Ата Мекен" фракциясы лидери Сайдулла Нышановго ишеним көрсөтпөө чечимин билдирди. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, фракция мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Сайдулла Нышановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну колдошту.

«Бардык добуш берүү процедуралары сакталды. Отставкага кетүү үчүн жети депутат добуш берди. Бул фракциянын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси », - деди Наталья Никитенко.

Фракциянын жаңы лидери болуп Шералы Абдылдаев шайланды.

Сайдулла Нышанов өзү фракциянын чечими менен текшерүү жүргүзүп, укуктук баа берүүнү талап кылды. 

«Добуш берүү учурунда алты депутат жана бир ишеним кат болгон. Сегиз добуш керек. Биз укуктук баа беришибиз керек», - деди ал.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter