У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева ИИМде сурак берди


Мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Ички иштер министрлигинде сурак берди. Бул тууралуу Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Сурабалдиева ИИМге октябрь окуясы боюнча суракка чакыртылган. Анын айтымында, учурдагы Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, баш аламандыкка байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошондон бери октябрь окуясынын миңдей активдүү катышуучулары суракка алынган.

"Менин окуяларга болгон көз карашым - ошол күндөрү тиешелүү органдар тарабынан, басма сөз кызматкерлери тарабынан даярдалган жана жеке мен эфирге чыгарган аудио жана видео материалдар болгондуктан, өзгөчө деле нерсе кошумчалаган жокмун. Мен ошол күндөрү сүйлөгөн сөздөрүмдү жана иш-аракеттеримди гана тастыктадым", - деп жазды Сурабалдиева.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter