Бабановдун тарапташтары шаардык соттун имаратынын алдына чогулушту
- 22.06.2021, 10:15,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары шаардык соттун имаратынын жанына чогулушту.
200гө жакын адам Бабановду бошотууну талап кылышууда.
Бүгүн Бишкек шаардык соту Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы боюнча адвокаттардын арызын карап жатат.
Жактоочу аны өлкөдөн сыртка чыгып кетпөө тил каты менен бошотуу арызы менен шаардык сотко кайрылган.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Ал "Кумтөр" кылмыш ишиндеги коррупцияга айыпталууда. Ал өзүнө коюлган айыптоолорду четке кагууда.