У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кечээ көргөн бүгүн жок…


Кыргызда «Адамды сынагың келсе, колуна байлык менен бийлик бер», - деген жакшы накыл бар. Кудум Мавлян Аскарбеков өңдүүлөргө айтылган тура. 

Учурда Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп иштеп жаткан Мавлян мырза, Бишкекте жол киренин акысын 20 сомго көтөрүү керектигин айтып, айгайлап чыкты. Мына тамаша. Сыягы, өткөн күнүн эсинен чыгарып, эсирип көзүн май басып, «чоң ичип, чоң чычканга» көнө түшкөн көрүнөт. 

...Эки жылда ушунча өзгөрдү. Мансап адамды бузат деген ырас окшойт...


Дегенибиз, буга дейре акимдин орун басары боло электе, «жол кире кымбаттабасын» деп митингге чыгып, нааразычылык акцияларын уюштуруп, элге, окуучуларга күйүп бышып жүрчү. Көрсө, кызматка жете албай араң турган тура. Эки жылда ушунча өзгөрдү. Мансап адамды бузат деген ырас окшойт. 

Балким, тиги видеодо кыйкырып жаткан Мавлян башкабы деп да кетесиң. Азыр көргөн көзүңө ишениш кыйын болуп калбадыбы? Фактыны колуна кармап туруп, «факты бербейсиңерби»  деп алакан жайып, өлүмүш болгон заман болбодубу, түгөттүкү…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter