У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тилек Токтогазиев: «Сууну түн ичин сатып жатышат»


Учурда Бишкекте жана Чүйдө сугат үчүн суунун тартыштыгы жаралып, жер иштеткен фермерлер сугат маселесин чечип берүүнү бийлик башындагылар талап кылууда. Алар бул маселе боюнча митингке да чыгышкан. Бирок сугат маселеси дагы деле чечиле элек. 

Мурдагы  айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев сууну кечинде бекитилген көлөмдөн ашык сатып жатышканын фейсубактагы баракчасына жазды. 

«УКМК кызматкерлери, банкрот болуп жатып, айла жоктон өкмөткө кайрылып жаткан фермерлерге тийишпегилечи. Алар ансыз эле катуу кыйналып жатышат. Көбүнчөсү кредиттерин кантип төлөйбүз деп түңүлүп жатышат. 

Андан көрө БЧК-нын кызматкерлерин жакшылап текшергиле. Ал жакта сууну бейрасмий өзгөчө кечинде сатып жатышкандарын биздин дыйкандар сүрөттөрү менен далилдеп берип жатышат. (Сүрөттөр тиркелген)

Суу дыйкандарга жетпегени - бул улуттук коопсуздуктун азыркы учурдагы эң чоң маселеси. Суу болбосо азык-түлүк аз болуп, импорттон көз каранды болуп, баалар күзүндө да, кышында да катуу өсөт. 

Суу бүт дыйкандарга бирдей калыс бөлүнүш керек. Азыр болсо кээ бир акчалуу жер ээлерине, бийликке жакын кишилерге ашыкча суу берилип, карапайым дыйкандарга суу таптакыр жетпей жатат.

Чындыкты айтып жаткан фермерлер - душмандар эмес.
Сууну бекитилген көлөмдөн ашыгыраак сатып жаткандар - чыныгы элдин душмандары»,-деп жазды ал. 





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter