Ак үйгө тосмо коюуга тапшырма берилди
- 17.06.2021, 13:53,
- Саясат / Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
«Элдин үнүн угабыз, эл үчүн өлөбүз, эл эле эл» дегендер эми кайра тетири сүйлөп баштады. Ак үйдүн тосмосун алдырымыш болуп элди убактылуу алдашкан экен. Кечээ спикер Талант Мамытов, тосмону алдырганына өкүнүп, депутаттар машине токтотконго орун таппай иштен кечигип жатканын айтып, кайра тосмо койдурууга протоколдук тапшырма бергенин билдирди.
Депутаттар эмне ишке өз убагында чыгабы? Же баары тегиз ишке келип иштеп жатышабы? Машинесин койгусу келсе түшкө чейин уктабай эл катары эрте келсин ишке! Элди эмитен эле алдай баштагандары жакшылыкка алып келбейт! Жедеп көнүшкөн экен, түшкө чейин уктап, түштөн кийин ишке келсе «парковка» даяр болуп. Керек болсо азыркы Жогорку Кеңеш бир жылдан бери карапайым элдин эсебинен мыйзамсыз айлык алып отурушат.
Шаар боюнча «парковка» деген маселе өтө актуалдуу экенин Талант Мамытов билбейби? Карапайым элдин баарысы эле машине токтотконго жай жок кыйналышат, анысы аз келгенсип көчөнүн баарын жаап, бардык кыймылды токтоттуруп туруп, МАИнин коштоосунда зуулдап өтүп кеткен спикер сыяктуулар үчүн да иштеринен кечиккендер бар.
Булак: oper.kg