У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Казакстандын суу тартыштыгы жаралаган аймактарын суу менен камсыздайт


 Кыргызстан менен Тажикстан ушул жайда Казакстанды кошумча 645 миллион куб метр суу менен камсыз кылат. Бул Казакстандын түштүк аймактарындагы суунун деңгээли төмөн болгон кырдаалды жөнгө салууга жарым-жартылай жардам берет. Бул тууралуу Хабар 24 телеканалы Казакстандын экология министри Магзум Мирзагалиевдин билдирүүсүнө шилтеме берүү менен кабарлады.
 
 
Маалыматка ылайык, Казакстандагы жергиликтүү бийлик дыйкандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сууну сарамжалдуу пайдалануу боюнча график түзүп, баарына суу жетиштүү болушун камсыздоодо.
 
«Казакстандын Түркстан облусунда эле эгин аянты 440 миң гектарды түзөт. Азыр суугат учуру болуп, сууга талап өсүүдө. Эгин аятанттарын суу менен толук камсыздоо Достук, Зах, Ханым мамлекеттер аралык каналдары аркылуу Сырдарыяга агып кирген суунун көлөмүнөн көз каранды»,-деди министр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter