У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаровго Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысына СПТББнын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
 
СПТББ президенти жана камкорчулар кеңешинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу Садыр Жапаровго «Ардактуу профессор» наамынын диплому менен мантиясын тапшырып жатып Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар дайым эки тараптуу достук мамилелер болорун белгиледи.
 
Мантия салтанаттуу тапшырылгандан кийин Садыр Жапаров университеттин  сый-урматы үчүн ыраазычылыгын айтып, бул наам ага чоң сыймык экенин билдирди.
 
Салтанаттуу иш-чарадан кийин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан СПТББнын Экономика жана технология университетинин аймагында мурда Түркия Республиканын Президенти Режеп Тайып Эрдоган отургузган бактын жанына бак отургузулду. Иш-чара түз эфирде көрсөтүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter