У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Мыйзам бузган жокмун, кылмыш ишинен коркпойм»


Президент Сооронбай Жээнбековдун  өз каалооң менен отставкага кет деген ишаратынан соң, Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Бакыт Абдиев кызмат ордун тапшырып берди. Абдиев өз сөзүндө Мамлекет башчысынын сынын туура кабыл алаарын билдирди. 
Бул туурасында:  «Мен жоопкерчиликтен качпайм. Мына курулушчулар, бизнесмендер уруксаат документтерин ала алышпаганына арызданып жатышат, бирок биздин адистердин аларга уруксаат беришпегенинин объективдүү себептери бар. Маселен, жашыл аймакка же инжинердик курулуш тармагы жайгашкан жерге курулуш кургулары келишет. Биз ага жол бербейбиз. Менин жетекчилигимде Мамкурулуш жаман иштеди деп айта албайм. Мынакей, «Бирдиктүү терезе» ишке ашканы турат. Жыл аягына чейин ишке кирет. Мен мыйзам бузган жокмун, кылмыш ишинен коркпойм», - деп агынан жарылды. 
Ошондой эле, эс алууну пландап жатканын, азырынча мамлекеттик кызматка орношу максаты жоктугун кошумчалады. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter