У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мирбек Кожоев Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп дайындалды


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу облустун басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Ал жамаатка бүгүн, 11-майда тааныштырылат.
 
 Мирбек Кожоев буга чейин, 2017-жылдын 26-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары — өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү секторунун башчысы;
 
- 2016-жылы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын башчысы;
 
- 2019-жылы Президенттин аппаратынын Ысык-Көл облусундагы куратору.
 
Мурунку ыйгарым укуктуу өкүл Элчибек Жантаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткен.
 
Белгилей кетсек, 39 жаштагы Мирбек Кожоев Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter