У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун жыйыны өттү


 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору протоколго кол коюшту. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
 
 Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тараптар жетишкен макулдашууга ылайык, тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 5-9-май күндөрү Ош шаарында болуп өттү.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Тараптар кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.
 
«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү»,- деп белгилейт Тажикстандын тышкы иштер министрлиги.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter