ТИМ: Тажикстандан чыгарылган кыргыз жарандарынын маселеси көзөмөлдө
- 05.05.2021, 10:29,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын аймагында убактылуу же туруктуу жүргөн Кыргыз Республикасынын кыргыз паспорту бар жарандардын чыгарылып жатканы тууралуу маалыматтан кабардар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Биринчи саясий департаментинин директору Уланбек Тотуяев билдирди.
Анын айтымында, Жерге-Тал районунда жүргөн кыргыз жарандарын өлкөдөн чыгаруу маселеси 2021-жылдын март айынын ортосунан бери Тышкы иштер министрлигинин туруктуу көзөмөлүндө болуп келген.
«Тажикстандын Ички иштер министрлигинин паспорт жана миграция кызматы Лахш (мурдагы Жерге-Тал) аймагында күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзгөндүгү жөнүндө биринчи маалымат пайда болгон учурдан баштап биз маселени көзөмөлгө алдык. Кыргыз тараптын тынчсыздануусу эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин апрелдеги жолугушуусунда дагы айтылды. Ошондой эле, бул маселе Кыргызстан менен Тажикстандын Ички иштер министрлеринин деңгээлинде талкууланып жаткандыгын белгилей кетүү керек», - деди ал.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка консулдук маселелер боюнча министрликтер аралык консультацияларды жакынкы аралыкта өткөрүүнү сунуш кылды.
Эске салсак, буга чейин маалымат каражаттарында Тажикстандагы кыргыз жарандыгын алган кыргыздарды өлкөдөн чыгаруу тууралуу маалымат тараган.