У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент: "Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды"


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда өлкө элин Конституция күнү менен куттуктады. Анда өлкөнүн эгемен тарыхында Баш мыйзам бир канча жолу өзгөргөнүн, жаңы Конституция учурдун талабына жооп берерин белгиледи.

“Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган. Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем”, деп айтылат куттуктоодо.
Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасайт. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, иш-чарага бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары жана коомдук-саясий ишмерлер катышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-апрелде Конституция тууралуу референдумдун жыйынтыгын бекиткен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter