У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россиядагы мигранттар бирдиктүү электрондук документ алууга милдеттендирет


Россиянын Ички иштер министрлиги бардык мигранттарды өлкөдө узак мөөнөткө болуу үчүн 10 жылга жарактуу бирдиктүү электрондук документ алууга милдеттендирет. Бул тууралуу ТАСС жазат.
 
«Чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясында узак мөөнөткө болуу укугун алуу үчүн бирдиктүү электрондук  документти алышы шарт болот. Чет элдик жаранга 10 жылдык мөөнөткө берилип, мөөнөтү бүткөндөн кийин ал алмаштырылат деп пландаштырылууда», - деп белгилейт агенттик.
 
Россиянын полициясынын айтымында, электрондук документте анын ээси жөнүндө графикалык жана тексттик маалыматтар корголгон түрдө камтылат.
 
«Ошол эле учурда, чет өлкөлүк жаран жөнүндө маалыматтардын электрондук чөйрөдө камтылган тизмеси, ошондой эле бирдиктүү документти берүү жол-жоболору федералдык мыйзамдын долбоору жана тиешелүү мыйзам алдындагы актылар даярдалып жатканда такталат», - деп билдирди министрлик.
 
Министрлик тиешелүү документтер иштелип жаткандыгын түшүндүрүп, бул документти киргизүү мөөнөтүн так айткан жок.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter