У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстанда барымтада кармалып турган кыргыз жарандары бошотулду


 Баткендеги чек ара жаӊжалында тажик жарандары тарабынан барымтага алынып, бүгүнкү күнгө чейин кармалып турган 10 кыргызстандык жаран 1-майда Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
 
Мекеменин маалыматына ылайык, учурда алар Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүшүүдө. 
 
Барымтага алынган кыргыздар Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында бошотулганы айтылды.
 
Эске салсак, 29-апрелде тажик жарандары жаӊжал учурунда ок тийип каза болгон жергиликтүү тургундарын сөөгүн алып келүү үчүн айылына барган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев менен бирге тогуз кыргызды барымтага алышкан.

[video=]
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter