Митингчилер Өкмөт үйүнүн эшигин талкалап кирүүгө аракет кылышты-видео
- 01.05.2021, 15:27,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында баткендиктерди колдоо митинги өтүп жатат. 200дөй адам президент Садыр Жапаровдон алардын алдына чыгуусун талап кылышууда.
Ошондой эле митингчилер курал-жарак берүүнү талап кылышууда. Алар: «Биз Мекенди коргоого даярбыз, бизге курал-жарак бергиле»-, деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушат.
Митингге чыккандардын айрымдары Өкмөт үйүнүн эшигин талкалап кирүүгө аракет кылышты. Бирок башкалары токтоп, аларды артка сүрүп чыгышты.
Милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылууга аракет кылышууда.