У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түн ичинде Максат айылында кайрадан өрт чыкканын жергиликтүү тургундар билдиришти

 
 Түнкүсүн дагы Максат айылында өрт чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Бурул Кудайбердиева 24.kg агенттигине билдирген. 
 
Анын айтымында, айыл дагы деле тажик тараптын карамагында экен.
 
Белгилей кетсек, кечээ кечинде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенин билдирген.
 
«Алар тажик аскерлериби же карапайым адамдарбы, билбейм, бирок өрттөө уланууда. Түндө бир нерсе күйүп кетти. Эки үйдүн айланасында түтүн көп болгонун көрдүк. Бул жерде алар тоноп, андан кийин үйлөрдү өрттөшкөн. Биздин жоокерлер дагы эле айылдын сыртында. Максатка кайтып келе албай жатабыз», - деди Бурул Кудайбердиева.
 
Белгилей кетсек, Максат кыргыз айылы Тажикстан тарабынан 29-апрелде басып алынган. Айылдын тургундары шашылыш түрдө үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter