Баткенде чогулган элдин алдына Артем Новиков чыгып сүйлөштү
- 30.04.2021, 10:37,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткен облустук администрациясынын алдында биринчи вице-премьер Артем Новиков жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев чогулган эл менен жолукту. Бул тууралуу маалымат булактары жазышууда.
"Алар жарандарды тынчтыкка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жетекчилер элге жардам берүү, тамак-аш жеткирүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүүгө чакырды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ушу тапта чогулгандар акырындап тарап жатканы белгиленди.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү президент Садыр Жапаров Баткенде чек ара аймагында чыккан жаңжал боюнча өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алган. Аны Новиков жетектемей болуп, кечинде Баткен облусуна учуп кеткен.