Боло турган иш эле болду - Садыр Жапаров Кыргыз республикасынын президенти болуп шайланды! Анан да укмуштуудай болуп шайланды да - жалпы шайлоочунун 79,2 пайызын алып жатпайбы! Аталган пайыз илгеркидей жасалма - “кошомат пайыз” эмес, элдин жүрөгүнөн, аппак тилегинен чыккан пайыз болду! Анан да жыргал турмуштун келерине аябай ишендирген пайыз болду да! Ишин реформа менен бекитип койду!
Жеке мен Садырды ал алгачкы жолу депутаттыкка аттанып жаткан кезден билем, ага жан тартып Караколдо, Түптө белгилүү сатирик акын Жолочу Рысбаев менен чогуу “күйүп-бышып” жүргөнбүз да. Ал иш мындан он жыл мурда болгон... Ошондо, Садыр депутаттыкка өтүп, анын агасы Сабыр Жапаров өтпөй калган. Сабыр мыкты жигиттердин бири, иниси Садырды коргоп, укмуштуудай кыйынчылыктарды, далай коркунучтарды башынан өткөздү. Ал жөнүндө чоӊ сөз кийин...
...Бу бала, Садырды айттым, курчтугу көзүнөн да, айткан сөзүнөн да, бирөөнө кылгын мамилесинен да, дегеле бүткүл туруш-турпатынан көрүнүп турган жигит!
Садыр президенттик жолдун эӊ эле кыйын жери менен келди. Ал эч ким күтпөгөн жерден мамлектинин башына турду! Акылы менен, курчтугу менен бүтүндөй бир мамлекетти колуна алды! Эми ошол мамлекетин мыкты коргоп, мыкты мамлекетке айландырыш керек.
Азыр Садырга акыл кошчулардын кенедей да керегеи жок. Буга чейин “кеӊешчилердин” жоон тобун көргөнбүз! Кептин түзүнөн айтсак-берген кеӊештери кыкка турбайт, кеӊешинин баары өз башына пайданы алып келүү. Андыктан бокко жарабаган кеӊешчилердин эч пайдасы жок!
Садыр бийликти өз акылы, өз дарамети менен алды, эми мамлекетин өз акылы, өз дарамети менен өстүрүшү керек. Ага эч кандай акыл кошо турган былжырактыктын кереги жок! Садыр далай жыл элин башкарат, сонун башкарат! Садыр иним, мамлекетти өзүӊдүн акылыӊ менен башкар!
Баратбай Аракеев