"Кыргыз темир жолун" «майкандаган» Василий Дашковду иштен алды кылып элдин көзүн боёшуп алдап коюшкан тура. Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн эр экен.
Дегеним, иштен алынды болгон Дашков өзүнүн тендерлерди өткөрүү боюнча (мурда кылмышка шектелип суралып жүргөндөй болгон) орун басары, ишмердүүлүгү мандемдүү Адыл Адыраңовду өзүнүн ордуна "Кыргыз темир жолунун" гендиректору кылып, өзү болсо ага кайра курулуш иштерин жүргүзүү боюнча орун басары болуп алганы айтылууда.
Мына тамаша. Сыягы, Дашков "Кыргыз темир жолун" Россиянын менчигине өткөрүп бермейин, канча "ичип-жесе" дагы кетпейт окшойт...
Экинчиден, эң эле кызыгы, ушул жылдын 9-январында УКМК тарабынан Дашковдон опузалап акча өндүрүүгө айыпталып кармалган Мелис Аспеков социалдык тармактарга жарыяланган видео кайрылуусунда: “Мен без ведома бир дагы тыйын эч жактан алган эмесмин”- деп айтып жатканында чоң чырлуу сыр жатат.
Демек, Дашковдун бийликтин жогорку сересинде отурган жетекчилерге карата чоң компроматы бар. Ошол себептен, Али Токтакунов өзүнүн иликтөөсүндө Дашковдун коррупциялык схемаларын көзгө сая көрсөтүп берсе да, тиешелүү органдар чара көрүшпөй кылы кыйшайбай отурат.