У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасынан 50 гектар эмес 20 гектар жер бериле турган болду


 Бүгүн, 19-апрелде Савай айылынын тургундары менен болгон жолугушуудан кийин УКМКнын төрагасы, чек-ара боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасындагы аймактарды алмаштыруу боюнча протоколго өзгөртүү киргизүү үчүн Ташкентке бара тургандыгын билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Савай айылынын тургундары суу сактагычтын аймагынан 50 гектар жер Өзбекстанга өтүп кетет деп нааразы болушкан. Ташиев Ташкентке барып, 50 гектардын ордуна 20 гектар жер берүү вариантын карап көрүүнү сунуш кылды.
 
«Биздин протоколго ылайык, кеп 50 гектар алмашуу жөнүндө болду. Мени ушуга байланыштуу чакырышты, жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдүм. Маселени калктын кызыкчылыгы үчүн дагы, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн дагы чечүү керек. Эми мен Өзбекстанга барып, ушул вариантты сунуштайм. Элдин суранычы боюнча аны 20 гектарга чейин кыскартууга аракет кылабыз. Бул жерден 20 гектар жер берсек, башка жерде - Өзгөн районунда - 20 гектар жерди алабыз. Аймактарды алмашуу гана болот», - деди ал
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter