У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Фейсбук Садыр Жапаровдун уу коргошун менен дарылоо боюнча билдирүүсүн өчүрдү


Фейсбук президент Садыр Жапаровдун коронавирусту уу коргошун менен дарылоо туурасындагы билдирүүсүн өчүрдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. 

Алар Кыргызстандын президентинин билдирүүсүн алып салганын, анткени эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же коронавирусту  дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербей тургандарын билдирген.

Фейсбук компаниясы пандемия башталган учурдан тартып коронавируска байланыштуу 10 миллиондон ашык билдирүүлөрдү өчүргөн. 

Эске салсак, 15-апрелде президент Садыр Жапаров кыргызстандын дарыгерлери коронавирусту 2-3 күндүн ичинде айыктыра турган дары тапканын жарыялаган. Ал маалыматта видео материал камтылып, анда уу коргошун деп жазылган бөлөлкөдөгү суюктуктар көрсөтүлгөн. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter