Бакыт Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды
- 16.04.2021, 17:58,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койду.
Бактыбек Аманбаев мурдагы акыйкатчы. Ал кызматтан 2015-жылы бошотулган.
Бактыбек Аманбаевдин ысымы чуулгандуу окуялар менен да байланыштуу. 2008-жылы, Эсептөө палатасы текшерүүнүн жыйынтыгында КТРКнын жарнама бөлүмүнүн ишмердүүлүгүндө каржылык мыйзам бузууларды аныктаган, аны 2005-2007-жылдары Бактыбек Аманбаев жетектеген. Аудиторлор материалдарды көргөзүү үчүн белгиленген тарифтерди төмөн баалоонун натыйжасында казынага 49 миллион сом түшпөй калган деген бүтүмгө келишкен.