У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат: Ар бир жаранды шайлоодо добуш берүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун киргизишибиз керек же административдик чараларды көрүү керек


 Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Садиков Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында Кыргызстандын ар бир жаранын шайлоого келүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. 
 
Анын айтымында, шайлоого көп акча сарпталат. Бирок шайлоого катышкан жарандардын санын көрсөткүчү төмөн болууда. 
 
«Биз алты ай ичинде чоң шайлоо өткөрдүк, ал үчүн көп акча бөлүнгөн. Элдин шайлоого катышуу көрсөткүчү абдан төмөн болгонуна баары күбө болушту. Шайлоого катышкандар жалпы калктын 30-40% гана түзөт. Менин сунушум - ар бир жаранды шайлоого катышууга милдеттендирүү. Кантсе да, биз көп акча бөлүп жатабыз. Ар бир жаранды шайлоодо добуш берүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун киргизишибиз керек же административдик чараларды көрүү керек», - деди депутат.
 
Ошондой эле ал талапкерлердин шайлоо учурунда шайлоочуларды унаа менен алып келүүсү коррупциянын гүлдөшүнө шарт түзүп жатканын кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter