Эл өкүлү педофилдерди химиялык кастрациялоо мыйзам долбоорун кабыл алууну сунуштоодо
- 15.04.2021, 11:45,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Балдарга карата зордук-зомбулук күчөп жатканына байланыштуу педофилдерди химиялык кастрациялоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуу зарыл. Мындай демилгени бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев көтөрдү.
Анын айтканына караганда, бешинчи чакырылыштын депутаттары 2013-жылы химиялык кастрация боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан, бирок президент аны колдогон эмес.
«Биз эми ушул мыйзам долбооруна кайрылып барышыбыз керек. 9-апрелде Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жети жаштагы кызды 26 жаштагы жигит зордуктаган окуя болду. Ошондуктан биз бул мыйзам долбоорун кабыл алалы. Мына Казакстан педофилдерди химиялык кастрациялоо мыйзам долбоорун кабыл алды», - деди ал.